Кыргызстанда 2020-жылдын 8 айында 40 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 1 миң 208 жумуш оруду түзүлгөн, алардын ичинен облустар боюнча:
Кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишканаларды региондук адистештирүүнү эске алуу менен жүргүзүлөт.
Бул чөйрөдөгү негизги багыттар болуп, заманбап технологиялардын негизинде айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү терең комплекстүү энергияны-ресурстарды үнөмдөө менен тереңдетип иштетүүнү камсыздоочу жаңы технологияларды жана жабдууларды киргизүү болуп саналат.
Программанын негизги максаты - азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү менен тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн калкын сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен кепилдүү жана туруктуу камсыздоо болуп саналат.