Опубликовано
23.10.2020, 04:002020-жылдын январь-сентябрь айларында бюджеттин кирешеси, бекитилген пландан 90.7% же 89.8 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлик маалымдады.
[news 29301]
Министрликтин берген маалыматына ылайык, бардык кирешенин 85.2% салыктык кирешелер - 62.3 млрд сом түзгөн. Анын ичинен Салык кызматы 43.4 млрд сомду, Бажы кызматы - 18.9 млрд сомду камсыз кылган.
Салыктык эмес кирешелердин көлөмү 20.4 млрд сомго жеткен. Эл аралык финансы уюмдардан түшкөн гранттын суммасы 7 млрд сомду түзгөн.