2020-жылы насыя алгандардын саны 30%га жогорулаган

20.08.2020, 09:55 Акчабар
2020-жылы насыя алгандардын саны 30%га жогорулаган

Быйыл жарым жылда микрокредиттик уюмдар тарабынан жарандарга 16 млрд 114,7 млн сом чакан насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитети билдиргендей, быйыл жарым жылда чакан насыя алгандардын саны 382,8 миң адамды түзгөн. Былтыркы жылга караганда насыя алгандардын саны 30%га өсүп, насыя 17,3%га көп берилген.

Чакан насыялардын көбү Ош (3 млрд 653,8 млн сом, же берилген насыялардын 22,7%ы) жана Жалал-Абад (2 млрд 563,5 млн сом же 15,9%ы)
облустарында, Бишкек шаарында (2 млрд 248,6 млн сом же 14%ы) жана Чүй (2 млрд 60,3 млн сом же 12,8%ы), Ысык-Көл облустарында (1 млрд 798,6 млн сом же 11,2%ы) берилген.

Чакан насыялардын 34,9%ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 25,8%ы керектөөчүлүк муктаждыктар үчүн, 10,4%ы соода жана коомдук тамактануу тармагы үчүн алынган.

Тэги: насыя пайыз микрокредит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть