Опубликовано
01.04.2021, 07:002020-жылдагы статистикага ылайык, Кыргызстанда 23 коммерциялык банктын 312 башкы кеңсеси жана филиалдары бар. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
[news 33705]
2020-жылдын башында Кыргызстанда коммерциялык банктардын 322 кеңсеси иштеген, кийинчерээк апрель айында дагы кошумча үч кеңсе ачылган. Жылдын аягында жалпысынан 312 башкы кеңсе жана коммерциялык банктардын филиалдары катталган.
Муну менен катар өткөн жылда өлкө боюнча 13 филиал жабылган. «Бакай Банк» төрт кеңсесин жана «Кыргызстан» коммерциялык банкы дароо тогуз кеңсесин жапкан.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө «РСК Банк» жана «Айыл Банктаын» ири филилалдар тармагы бар.