Опубликовано
16.02.2021, 07:002020-жылдын январь-декабрь айларында ЕАЭБде чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 523.1 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен 4.4 млрд доллар Кыргызстанга тийиштүү. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
[news 32041]
Комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда сооданын бир жылдык айлануусу 17.7% кыскарган. Өсүү Белорусияда — 1.8% тузүп, 21.5 млрд долларга жеткен.
Сооданын басымдуу бөлүгү салтка ылайык, Россияга таандык. 4.1% чейин төөндөөгө карабастан, сооданын көлөмү 466.4 млрд долларды түзгөн. Казакстанда 28 млрд долларга, Арменияда — 2.7 млрд долларга соода жүргүзүшкөн.