Опубликовано
16.12.2020, 05:50Келе жаткан жыл саясий окуяларга абдан бай болот. 2021-жылы президенттик шайлоо, референдумду өткөрүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 30 шайлоо өтөт.
[news 30866]
Бул бардык өтө турган шайлоо үчүн республикалык бюджеттен, финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 858.4 млн сом каралган.
Каражаттын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы 500 млн сомду президенттик шайлоого жумшоо пландалууда. Референдум үчүн мындан азыраак каражат жумшалат. 14-декабрда өткөн БШКнын жыйынында 10-январда өтө турган референдумга бюджеттен 39.9 млн сомго бекитилген.
Калган 300 млн сомго жетпеген каражат парламент жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жумшалат.