2021-жылы өтө турган шайлоолорго бюджеттен 858.4 млн сом бөлүнгөн

16.12.2020, 11:50 Акчабар
2021-жылы өтө турган шайлоолорго бюджеттен 858.4 млн сом бөлүнгөн

Келе жаткан жыл саясий окуяларга абдан бай болот. 2021-жылы президенттик шайлоо, референдумду өткөрүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 30 шайлоо өтөт.

Бул бардык өтө турган шайлоо үчүн республикалык бюджеттен, финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 858.4 млн сом каралган.

Каражаттын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы 500 млн сомду президенттик шайлоого жумшоо пландалууда. Референдум үчүн мындан азыраак каражат жумшалат. 14-декабрда өткөн БШКнын жыйынында 10-январда өтө турган референдумга бюджеттен 39.9 млн сомго бекитилген.

Калган 300 млн сомго жетпеген каражат парламент жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жумшалат.

Тэги: Шайлоо бюджет каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть