Опубликовано
23.11.2020, 04:202021-жылга карата пандемия менен күрөшкөн медиццина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 500 млн сом каралган. Бул тууралуу финансы министрлигинин документтеринде айтылат.
[news 30192]
Андан сырткары, коронавирус менен күрөшүү үчүн мамлекеттик бюджеттин резервиндеги 1.9 млрд сомду бөлүштүрүү дагы пландалууда.
Эске сала кетсек, 2020-жылы саламаттык сактоо тармагын колдоого эл аралык донорлордон 56.1 млн доллар же 4.5 млрд сом тартылган.
Белгиленгендей, бул каражаттар мекемелерге медициналык жабдыктарды, жеке коргонуучу каражаттарды алууга жумшалат.