22-июнда күйүүчү майга болгон баанын саны жогорулады

22.06.2020, 11:15 Акчабар
22-июнда күйүүчү майга болгон баанын саны жогорулады

Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 22-июнь күнү, саат 10:40 карата АИ – 92 маркасында күйүүчү майдын баасы эч өзгөрүүсүз бойдон турат.

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 32,33 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 35,23 сомго, суюлтулган газ - 16.53 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 31,9 сомду, АИ-95 - 36,2 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай: «Газпром нефть» 41,9 сом менен жана Bishkek Petroleum 39,9 сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 34,9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

  • «Партнер Нефть» - 14,9 сом менен;
  • Bishkek Petroleum - 16,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай)
  • «Газпром нефть» - 17,8 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай)

Эске сала кетсек, жакынкы күндөрү Кыргызстан боюнча күйүүчү май саткан жайлар 23-июнда жабыларын билдиришкен.

Тэги: май куюучу жай Бишкек күйүүчү май баа Партнер Нефть Bishkek Petroleum Газпром нефть

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть