Опубликовано
31.12.2020, 04:35Баткен облусунда 3 мектептин курулуш иштери үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
[news 31286]
Тендердин жалпы суммасы 227 млн 99.1 миң сомду түзүүдө. Бөлүнгөн каражатка Кайыңды айылына 150 окуучуга, Чечме айылына 225 окуучуга, Кара-Жыгач айылына 375 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу пландалууда.