23-июндан тарта өлкөдөгү май куюучу жайлар ишин токтотот

19.06.2020, 16:20 Акчабар
23-июндан тарта өлкөдөгү май куюучу жайлар ишин токтотот

23-июндан тарта өлкө боюнча жалпы май куюучу жайлар ишин токтотот. Бул тууралуу басма сөз жыйында суюлтулган газ жаатындагы Кыргыз ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Эсен Бакиров билдирди.

«Аткаминерлердин бизге көңүл буруусу үчүн, биз ишибизди толугу менен токтотууга аргасызбыз», —деп белгиледи ал.

Белгиленгендей, №482 жарлыкка ылайык, ишкерлер автоматташтырылган эсеп системасын орнотуусу зарыл. Бирок, алар азыркы учурда жетишпей жатышат.

Андан сырткары бул документке кол койоордун алдында бир дагы ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алдын ала чыгымдар эсептелген эмес.

«Өлкө боюнча 70%, тактап айтканда 600дөн ашык май куюучу жайлар бул тутумду орнотууга жетишпей жатышат. Документке ылайык, салык кызматы мөөр басып, жаап салууга укуктуу», — деп жазылат ассоциациянын билдирүүсүндө.

Андан сырткары, аталган система чет жерден сатылып алынат.

Эсен Бакировдун айтымында, эгерде өлкө фискалдаштыруу темасына кайта турган болсо, ЕАЭБ бирлигинде Кыргызстан мех, бут кийим жаатында гана фискалдаштыруу боюнча сөз кылган. Бирок, мамлекет бирлик алдында өз милдетин аткарбай жатат.

«Биздин индустрияны кимдир бирөөлөр лоббисттик кылып жатканы бизге түшүнүксүз. Туура, киргизилип жаткан бул сиситема контрабанда менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок, бизге зыянын тийгизбей жасаса болот да. Башка мамлекеттер бул сиситеманы көптөгөн жылдардан соң гана ишке ашырышкан. Бул кимге пайда алып келет деген суроо туулуп жатат», —деп билдирди Эсен Абакиров.

Каржы жаатындагы адис Мээрим Атабекованын айтымында, автоматташтырылган эсеп системасын орнотуунун мөөнөтү качанкыга чейин жылдырылары белгисиз. Өлкөдө 670ке жакын май куюучу жайлар жабылат. Бул электр энергиянын кулашына алып келет. Андан сырткары, баанын саны 2-3 сомго чейин жогорулашы мүмкүн.

Эсен Бакиров белгилеп кеткендей, ишкерлерге мөөнөттү узартуунун кереги жок. Техникалык суроолор толугу менен талкууланып, ал эми система ишке киргизилген соң, бир жыл тесттен өтүүсү кажет.

Тэги: май куюучу жай ишин токтотот АЗС Эсен Бакиров автоматташтырылган эсеп системас

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть