Опубликовано
20.01.2021, 11:20Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн, ыктыярдуу негизде акча которууна каалагандар үчун ачылган атайын эсепке, 20-январь күнү 11 млн сом которулган. Бул тууралуу «Акчабарга» финансы министрлигинен маалымдашты.
[news 29735]
Белгиленгендей, 19-январда бир транш аркылуу 10 млн сом каражат которулган. Бул акчаны Умар Мухаммедов аттуу жаран которгон.
Turmush басылмасынын маалыматына ылайык, Умар Мухаммедов Жалал-Абад облусунун Сузак районунан чыккан 26 жаштагы ишкер. Алгач ишкер бул акчага бала-бакча салууну пландаган. Бирок, кийинчерээк өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн которууну чечкен.