Опубликовано
10.03.2021, 06:15Үстүбүздөгү жылдын 2-февралына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 456,5 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
[news 32343]
Маалыматка ылайык, алардын ичинен «Үй-бүлөгө көмөк» - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 349,4 миң адамды түздү. «Социалдык жөлөкпул» - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 96 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 11,1 миң адамды түздү.
Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,1 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3041,3 сомду түздү.
[news 33056]
Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 662,8 млн сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулду төлөөгө – 311,0 млн сом, социалдык жөлөкпулду – 307,3 млн сом, «балага сүйүнчү» жөлөкпулу – 44,5 млн сом каржыланган.