456 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат

10.03.2021, 12:15 Акчабар
456 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 456,5 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен«Үй-бүлөгө көмөк» - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 349,4 миң адамды түздү. «Социалдык жөлөкпул» - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 96 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 11,1 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,1 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3041,3 сомду түздү.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 662,8 млн сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулду төлөөгө – 311,0 млн сом, социалдык жөлөкпулду – 307,3 млн сом, «балага сүйүнчү» жөлөкпулу – 44,5 млн сом каржыланган.

Тэги: жөлөк пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть