50 млн доллар капитал менен Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт

08.04.2021, 15:00 Акчабар
50 млн доллар капитал менен Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыргызстан менен Венгрия Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюшту.

Документке кол коюу бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун расмий иш сапары менен Бишкекке келүүсүнүн алкагында өттү.

«Бүгүн штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан алгачкы капиталы 50 млн долларды түзгөн Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюлду. Анын ичинен 16 млн доллары бүгүн, ал эми калган 34 млн доллары жылдын аягына чейин берилет. Аталган фонддун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат»,-деди ТИМ башчысы Руслан Казакбаев.

ТИМ башчысы аталган фонд айыл чарба, туризм, энергетика жаатында алгылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга инвестиция тартууда уникалдуу аянтча болот деген ишенимин билдирди.

«Ошондой эле, фонд Кыргызстандын аймагында бирдиктүү өндүрүш жана ишканаларды түзүүнү шарттайт. Бул өз кезегинде өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачат»,-деди Казакбаев.

Тэги: фонд Венгрия Кыргыз өнүгүү фонд млн доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть