689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 млн сом керектелет

16.09.2020, 14:35 Акчабар
689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 млн сом керектелет

Кыргызстанда октябрь айынан баштап пенсия жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, пенсиялардын орточо эсеп менен 397 сомго жогорулап, 6 миң 61 сомду түзөт.

«Индексациялоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107 пайызга өсөт. Натыйжада, өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго, ал эми өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар эң аз дегенде 360 сомго жогорулатылат», - деп билдирди Ирсалиев.

Ирсалиев кошумчалагандай, 689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 млн сом, анын ичинен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 75,2 млн сом, пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 млн сом кошумча керектелет.

Тэги: пенсия орточо эсеп 400 сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть