Опубликовано
01.02.2021, 04:30Акыркы жети жылдын жыйынтыгына ылайык, улуттук валютадагы төлөмдөрдүн көлөмү 11% жогорулаган. Тагырагы 2013-жылы бул көрсөткүч 63% түзсө, 2019-жылдын жыйынтыгына ылайык, 74% түзгөн. Бул тууралуу Евразяи экономикалык комиссиянын сайтында маалымдалат.
[news 31114]
Белгиленгендей, соодада теңге активдүү түрдө колдонулууда, өзгөчө Кыргызстан менен болгон алакада. Эгерде 2013-жылы Казакстан менен болгон бирдиктүү соодада теңгенин үлүшү 15% түзсө, 2019-жылы 19% жеткен. Россия жана Казакстан менен болгон соодада теңгенин үлүшү 5% түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 2% жогорулаган.
Кошумчалай кетсек, акыркы 7 жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дуйнөлүк соодадагы ролу өзгөргөн эмес. Ири соодадагы үлүшү мурункудай эле 2% түзүүдө.