АКШ жана Канададан Кыргызстанга 146 КР жараны келди

23.05.2020, 12:00 Акчабар
АКШ жана Канададан Кыргызстанга 146 КР жараны келди

23-майда Бишкекке Кыргызстандын окуучуларын ыкчам ташып кетүү максатында уюштурулган атайын каттам менен АКШ жана Канаданын ар кайсы шаарларындагы КРнын жеке жарандык-жактары жана АКШда тажрыйба алмашуу программасы боюнча окуп жаткан 109 мектеп окуучусу, 37 студент келди.

[news 23828]

Мектеп окуучулары жана студенттер ар кайсы шаарларда тажрыйба алмашуу программасынын алкагында FLEX, International Student Exchange, North West Student Exchange, Fullbright окуп жатышкан. Дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жана COVID-19 илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу, КР ТИМ КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдөн кайтарып алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдөгү окуу жайлар карантинге жабылган, үзгүлтүксүз коммерциялык каттамдар токтотулган. Ушул себептен Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канадада билим алып жаткан жарандары алардын мекенине кайтып келишине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиришкен.

Жалпы алганда Кыргызстанга 146 жүргүнчү тийиштүү каттам менен кайтарылган, алардын ичинде КР улгайган жарандары, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча шашылыш эвакуацияга муктаж жарандар бар. FLEX программасы боюнча окуп жаткандардын Бишкеке акысыз келиши АКШ Элчилиги менен КР ТИМдин тыгыз кызматташуусунун колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Вашингтондогу элчилиги, америкалык Кеңештин эл аралык билим берүү боюнча программанын администраторлору тарабынан уюштурулду.

Келээр алдында Америкалык Кеңештер окуучулардын медициналык текшерүүлөрүн жана аларга жекече коргоонуучу каражаттарын тапшырышты, ошондой эле, иш сапарынын учурунда сактанууга тийиш болгон санитардык эрежелер тууралуу маалымат беришти.

Бишкекке келгенден кийин жүргүнчүлөр Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунан келген өздөрүнүн үй-бүлөсү менен жолуккандан мурда КР саламаттыкты сактоо министрлигинин тест тапшыруу жана карантинге карата коюлган талаптарын аткарышат.

Тэги: АКШ Канада кыргызстандыктар студент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть