Ат-Башыда жылына 3,5 миллион кирпич чыгаруучу завод ачылды

15.07.2020, 15:30 Акчабар
Ат-Башыда жылына 3,5 миллион кирпич чыгаруучу завод ачылды

Ат-Башы районунун 90 жылдыгыгын алкагында Ат-Башы районунда жеке ишкер Таласбек Стамакунов тарабынан «​Ат-Башы» ири кирпич заводунун курулушу толук жыйынтыкталып ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов, Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров, анын биринчи орун басары Максат Кадыркулов жана айыл аксакалдары келип катышып, ишкерге ийгилик каалап ачылышын жасашты.

Бул заводдо жумушчуларга шарт түзүү максатында 11 бөлмөлүү жашай турчу үй, заманбап мончосу да салынган. Аталган завод бүгүнкү күнү өз ишин баштап, 50 дөй жумушчу эмгектенип күнүнө 25 миңге жакын кирпичти чыгаруунун үстүндө.

Ат-Башы кирпич заводу 2016-жылы негизделип, Ак-Жар айыл өкмөтүнөн 5 гектпр жер аянты бөлүнүп берилген.

Кирпич заводдун кубаттуулугу бир жыл ичиндеги сезондук өндүрүмдүүлүгү 3,5 миллион кирпич чыгарат.

Кирпич заводдун иштөө максаты Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа дана Нарын шаарынын калкын сапаттуу бышкан кирпич курулуш материалы менен камсыздоо.

Аталган кирпич заводду курууга жеңилдетилген насыя менен РСК банктан 7 200 000, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 470 000 берилип, ошондой эле жеке ишкер Таласбек Стамакунов 19 330 000 сом каражатын чыгарып, жалпы курулуш иштерине 33 миллион акча каражаты жумшалган.

Тэги: Ат-Башы млн сом кирпич

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть