Депутат: Ата-мекендик продукциянын рыногун жоготуп алдык

25.10.2019, 11:40 Акчабар
Депутат: Ата-мекендик продукциянын рыногун жоготуп алдык

«Биз ата-мекендик продукциянын рыногун жоготуп алдык», - бул тууралуу 25-октябрда ЖК депутаты Сайдолимжон Жураев КСДПнын жыйынында, Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматын угуу учурунда билдирди.

Депутат Кыргызстанда ата-мекендик продукциянын рыногу жок экенин, бардык продукциялар импорт менен келээрин билдирди. Мунун менен катар ал экономика Министрлигине кайрылып, бул жаатта кандай саясат жүргүзүлүп жатканын сурады.

«Азыркы учурда Казакстанда унга болгон баа жогорулагандыктан, Кыргызстанда дагы ундун баасы кымбаттады. Бирок, Мамлекеттик материалдар резерви Фондунда ун бар», - деп билдирди экономика министрлигинин орун басары Дастан Кадыров.

Ун запасы бар болсо, эмнеге арзан баада сатылбай жатканына депутат кызыкдар болду.

«Жоболорго ылайык, 30 күндүн ичинде ундун баасы 20% кымбаттаса гана, биз арзан баада запастагы ундарды чыгарабыз», - деп билдирди экономика министрининин орун басары Д. Кадыров.

Тэги: ата-мекен рынок продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть