БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын кезектеги сессиясы болуп өттү

04.03.2020, 10:30 Акчабар
БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын кезектеги сессиясы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы Женева шаарындагы Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Ички транспорт боюнча комитетинин 82-сессиясынын ишине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, бул иш-чара 25-28-февраль күнү БУУнун жетекчилери, транспорт министрликтеринин башчылары жана эл аралык транспорттук уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен өттү. Сессиянын жүрүшүндө транспорттук саясат жана стратегиялык өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, логистика, акылдуу транспорт системалары талкууланып, долбоорлор пландаштырылган.

«БУУ ЕЭК Ички транспорт боюнча комитетинин 82-сессиясынын алкагында КР Туруктуу өкүлчүлүгү Каспий аймагынын транспорт мүмкүнчүлүктөрүнө арналган иш-чарага жана сүрөт көргөзмөгө катышты. Бул иш-чарага катышуу максаттарынын бири Кыргыз Республикасынын транспорт системасын жакшыртуу саясаты жана анын мүмкүнчүлүктөрү (темир жол, аба жана жол транспорт) тууралуу маалымат берүү болгон. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык кызматташтыктын жана транспорттун келечектеги өнүгүү маселелерин, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын A / RES / 72/212 "Туруктуу өнүгүү багытында максаттарга жетүү үчүн транспорттун бардык түрлөрү ортосундагы байланышты күчөтүү" резолюциясынын негизги жоболорун карап чыгышты», —деп билдиришти министрликтен.

Маалымат үчүн: Бириккен улуттар уюмунун Европа экономикалык комиссиясы (UNECE) – БУУнун аймактагы экономикалык ишин өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн 1947-жылы түзүлгөн беш аймактык комиссияларынын бири.

Ички транспорт боюнча комитет БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын бир органы болуп саналат. Комитеттин ишинде мыйзам жаратуу боюнча ишмердүүлүгүнүн орду чоң: транспортту өнүктүрүүгө жана чек арадан өткөрүүнү камсыздоого багытталган 59дан ашык конвенциялар, протоколдор, макулдашуулар, техникалык стандарттар жана эрежелер даярдалып, ишке ашырылууда.

БУУ ЕЭКнин Ички транспорт боюнча комиссиясынын сессиялары жыл сайын өткөрүлүп, анда жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылат жана келечектеги пландар макулдашылат.

Тэги: БУУ Европа экономика сессия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть