Аэропорттон тарыхый буюм, таштарды алып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

20.09.2019, 08:50 Акчабар
Аэропорттон тарыхый буюм, таштарды алып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баалуу металлды жана тарыхый баалулугу бар металдан жасалган буюмду, таштарды алып кетип бара жаткан Кытай Эл Республикасынын жараны Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү - чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 14- сентябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунда “Бишкек – Үрүмчү” каттамы боюнча уча турган жүргүнчүлөрдү бажылык контролдон өткөрүүдө Кытай Эл Республикасынын жараны мыйзамсыз төмөнкү буюмдарды алып кетип баратканда кармалды:

1. Сары металдан гранулалар (болжолдуу алтын), курулуш гели менен куюлуп табууга кыйндык жаратуу үчүн термостун капкагына жашырылган;

2. Металдан жасалган жаанын огунун учундай буюм, тарыхий жана башка баалуулука ээ болушу мүмкүн;

3. Таштар, тарыхий жана башка баалуулука ээ болушу мүмкүн.

Бул факт Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Тэги: Бажы аэропорт мыйзамсыз товар кытай жараны

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть