Баткен облусунда мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү

29.05.2020, 17:00 Акчабар
Баткен облусунда мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү

Лейлек районундагы Лейлек эркин экономикалык аймагындагы 6 гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым уккутуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өкүл Алишер Абдрахманов аталган ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү демилгесин көтөргөн жергиликтүү ишкер Нурбек Түркбаев, бул чоң долбоорду Кытай Эл Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын ишкерлеринин жардамы менен ишке ашырды.

Курулушка 1,5 млн АКШ доллары жумшалган.

Ишкана бир айда эки миң тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1000 тонна мазут өндүрүүгө мүмкүн болот. Ал эми келечекте айына 5 миң тоннага чейин мунайды кайра иштетүү пландалууда.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Бүргөндү жана Арка массивиндеги мунайдын запасы 1,9 млн тоннаны түзөт.

Ишкерлер учурда «Кыргызнефтегаз» ААКнын Кайрагач участкасында бир айда өндүрүлгөн 1000 тонна мунайды кайра иштетип, андан сырткары, жакынкы чет өлкөлөрдөн бир айда 2000 тонна чийки мунайды ташып келип кайра иштетүүнү пландоодо.

Бул ишкана толук ишке киргизилсе мамлекетке жылына 90 млн сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле 25 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундары менен камсыздалат.

Тэги: Баткен облусу мунай Ишкана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть