Билим берүү министрлиги 2021-жылга карата бюджет долбоорун коомдук талкууга алып чыкты

18.05.2020, 17:30 Акчабар
Билим берүү министрлиги 2021-жылга карата бюджет долбоорун коомдук талкууга алып чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылга карата бюджет долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Министрлик 2021-жылга карата билим берүү тармагындагы бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдады, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, документтер өкмөттүн программалык негизде бюджеттөө боюнча токтомун аткаруунун алкагында билим берүүнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын жана инклюзивдик билим берүүнү 2019-23-жылдарга өнүктүрүү концепциясын эске алуу менен даярдалды.

Билим берүү тармагынын 2021-жылга бюджети жана 2022-23-жылдарга карата божомолдору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен иштелип чыкты.

Долбоор коомдук талкуу өткөрүү үчүн министрликтин сайтына жайгаштырылды.

Тэги: Билим берүү министрлиги коомдук талкуу мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть