Опубликовано
13.03.2020, 05:15Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы кармалды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) кабарлашкандай, ал 2 миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелүүдө.
Эске сала кетсек, судья кечээ, 12-мартта кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.