Бишкекте 51 жаштагы жаран жогорку сапаттагы жасалма долларлар менен кармалды

16.12.2020, 10:20 Акчабар
Бишкекте 51 жаштагы жаран жогорку сапаттагы жасалма долларлар менен кармалды

Ири суммадагы жасалма чет элдик валюта саткан каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү («акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо багытындагы ыкчам иш чаралардын алкагында 2020-жылдын 14-декабрында Бишкек шаарында 1969-жылы туулган «К.У.» аттуу КР жараны кармалды. Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ долларлары табылган.

Такталган боюнча, табылган чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Тэги: Ири сумма чет элдик валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть