Бишкекке БАЭден Кыргызстандын жарандары келишти

11.06.2020, 16:00 Акчабар
Бишкекке БАЭден Кыргызстандын жарандары келишти

2020-жылдын 11-июнунда «Манас» Эл аралык аэропорту Дубай-Бишкек маршруту боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстандын 187 жараны, анын ичинде балдар кайтып келди.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарабынан жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды.

Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты.

Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарынын Кыргызстанга келе турган маршруттарын издөө боюнча иштер улантылып жатат.

Тэги: Манас Эл аралык аэропор Дубай-Бишкек Fly Dubai

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть