Опубликовано
20.08.2020, 07:10Бүгүн 20-августтан тарта Бишкекте коомдук транспорттун иш тартиби өзгөртүлүп, айрым чарба субъекттеринин иш убактысы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
[news 27226]
Мэриядан билдиришкендей, эми шаардагы коомдук унаалар (автобус, троллейбус жана кичи автобус) дем алыш жана майрам күндөрү да иштемекчи. Ошол эле учурда алар мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштешет. Саат 11:00дөн 14:00гө чейин коомдук транспорттор санитардык тазалоодон өтүү үчүн токтотулмакчы.
Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайларга эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштегенге уруксат берилди.
Супермаркет, соода борбор, соода үйлөрү, комплекстери, дүкөндөр тармагы мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштешет.
Сейил бактарда сейилдөөгө киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди киреге берүү ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.
Ошол эле учурда тойкана жана көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клуб, бар, караоке-клуб ж.б.) иштөөсүнө уруксат бериле элек.