Бишкекте коомдук транспорт дем алыш күндөрү да жүрмөй болду

20.08.2020, 13:10 Акчабар
Бишкекте коомдук транспорт дем алыш күндөрү да жүрмөй болду

Бүгүн 20-августтан тарта Бишкекте коомдук транспорттун иш тартиби өзгөртүлүп, айрым чарба субъекттеринин иш убактысы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, эми шаардагы коомдук унаалар (автобус, троллейбус жана кичи автобус) дем алыш жана майрам күндөрү да иштемекчи. Ошол эле учурда алар мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштешет. Саат 11:00дөн 14:00гө чейин коомдук транспорттор санитардык тазалоодон өтүү үчүн токтотулмакчы.

Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайларга эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштегенге уруксат берилди.

Супермаркет, соода борбор, соода үйлөрү, комплекстери, дүкөндөр тармагы мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштешет.

Сейил бактарда сейилдөөгө киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди киреге берүү ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.

Ошол эле учурда тойкана жана көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клуб, бар, караоке-клуб ж.б.) иштөөсүнө уруксат бериле элек.

Тэги: коомдук транспорт субъект Бишкек мэриясы кафе

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть