Бишкекке Новосибирсктен 182 кыргыз жараны учуп келди

17.08.2020, 09:25 Акчабар
Бишкекке Новосибирсктен 182 кыргыз жараны учуп келди

16-августта Кыргызстанга «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 182 кыргыз жараны учуп келди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргызстандын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк - Сахалинск, Владивосток, Петропавловск -Камчат, Якутск ошондой эле Сибир Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Тэги: Кыргызстан Сибирь (S7) авиакомпания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть