Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган мекемелер 1 млн сомдон ашык айып төлөштү

12.06.2020, 12:45 Акчабар
Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган мекемелер 1 млн сомдон ашык айып төлөштү

Бишкек шаарында санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 1 млн сомдон ашык каражатка 642 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына – 5 дүкөн, 3 – кафе, 12 – чач тарач, 1 – май куюуучу жай, 1 – АОЖ жана 1 – желимдөө обьекттеринин жетекчилерине чара көрүү үчүн 23 материал жөнөтүлдү.

«Бүгүнкү күнү мобилдик топтор райондук администрациялардын адистеринин, Бишкек шаардык санэпидкөзөмөл борборунун, муниципалдык территориалдык райондук администрация башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда 1 млн 49 миң 500 сом өлчөмүндө 642 протокол түзүлдү», - дейт Кундашев.

Тэги: Бишкек шаары санитардык талап мекеме

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть