Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

27.05.2020, 11:00

Бишкек шаарында 1-июндан тарта 1-июлга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

[news 24577]

Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка шаар мэрия Азиз Суракматов кол койгон.

«Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда», — деп билдирет мэрия.

Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Аны менен бирге мэрия 1-июндан тарта шаардагы фонтандар иштей баштай турганын билдирет.

Маалымат алуу үчүн:

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы:

- (0312) 21-28-47, (0312) 212844, WhatsApp-канал: 0500 287070;

«Бишкекжылуулуктармактары» ААКсынын номерлери:

- (0312) 61-11-69 – керектөчүлөрдү колдоо борбору;

- 36-57-19, 30-07-67 – нөөмөтчү инженерлер;

Борбордук район: - 51-06-22, 21-74-06 – нөөмөтчү инженер;

Түштүк району: - 56-85-58 – диспетчердик кызмат.


Читать похожее

  • 07.07.2024, 22:29:34
  • 30.04.2024, 01:23:17
  • 15.02.2022, 03:12:21
  • 18.02.2021, 03:30:44