Бишкек шаарынын бюджети жарым жыл ичинде 4 млрд сомго толукталган

25.10.2019, 09:32 Акчабар
Бишкек шаарынын бюджети жарым жыл ичинде 4 млрд сомго  толукталган

2019 – жылдын январь-июнь айларында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси 4 млрд 29 млн 768,7 миң сомго толукталган. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлайт.

Жалпы каражаттын ичине:

-жөнгө салынуучу кирешеден – 2 млрд. 245 млн. 644,5 миң сом (56,7%);

- туруктуу кирешеден – 1 млрд 784 млн 124,2 миң сом (43,3%).


2019 – жылдын биринчи жарым жылдыгындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттин чыгашасы 3 млрд 783 млн 291,6 миң сомду түзгөн. Анын ичинен жалпы максаттар үчүн мамлекеттик кызматтарга - 297 млн 825,8 миң сом (9,1%), экономикалык тармакка – 171 млн 73 миң сом (4%), турак жай - коммуналдык кызматтарга – 1 млрд 217 млн 947,8 миң сом (32,9%), саламаттыкты сактоого – 106 млн 40,9 миң сом (2,7%), эс алуу, маданият жана динге – 202 млн 653,5 миң сом (5,2%), билим тармагына – 1 млрд 632 млн 753,2 миң сом (41,7%), социалдык коргоого – 135 млн 209,2 миң сом (3,3%) жумшалган.

Тэги: Бишкек шаары бюджет жарым жыл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть