Бишкектеги тез медициналык жардам борборун толук оңдоого 3,5 млн сом каралган

26.05.2020, 14:45 Акчабар
Бишкектеги тез медициналык жардам борборун толук оңдоого 3,5 млн сом каралган

Бишкектеги тез медициналык жардам борборунун башкы имаратында толук оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, учурда имараттын дээрлик 2 миң чарчы метр чатыры алмаштырылууда. Жакын арада имараттын сырты, канализация, суу түтүктөрү оңдолуп, алмаштырылат.

Курулуш иштеринин баасы 3,5 млн сом деп бааланып, ал жерде «Дастан Строй Групп» компаниясы иштөөдө. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Оңдоо иштери жылуулук мезгили башталганга чейин аяктары пландалууда.

Тез медициналык жардам борбору 1939-жылы курулган. Ал борбордун башкы имараты эки кабаттуу, аянты 3 миң 496 чарчы метрди түзөт. Негизги имараттан тышкары шаарда тез медициналык жардам борборунун 4 бөлүмү бар. Аталган борбордо 488 киши иштейт.

Тэги: Бишкек тез жардам башкы имарат мэрия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть