Кечээ, 25-февралда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү, айыл чарба, туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну илгерилетүү каралды.
Украинанын элчиси Жовтенко жакында Бишкекте Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн ачылышы, ошондой эле Кыргызстанда эки тараптуу Бизнес форум өткөрүү пландары жөнүндө маалымат берди.