Бишкекке Египеттен Кыргызстандын жарандары келди

19.06.2020, 12:00 Акчабар
Бишкекке Египеттен Кыргызстандын жарандары келди

Бүгүн, 19-июнда КР Тышкы иштер министрлиги менен Казакстан тараптын биргелешип аракеттешүүсүндө Египеттен Кыргызстандын 47 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

«Кайтып келген 26 студент жана 21 жаран буга чейин Египетке туристтик жана жеке (конок катары) максатта барышып, 2020-жылдын мартынан тартып мекенине кайтып келүү үчүн кыйынчылыктарга туш болушкан», — деп жазылат маалыматта.

Биздин жарандар «Air Cairo» египет авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Каир шаарынан Алматы шаарындагы эл аралык аэропортуна келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келди.

Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

Каттам, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, россия тарабы менен биргеликте КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылды.

Белгилеп кетсек, жарандарды кайтарып келүүдө мүмкүн болгон маршруттарды издөө боюнча иштер улантылууда.

Тэги: ТИМ КР ТИМ Казакстан республикалык штаб жаран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть