akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    20.08.2020, 10:00

    Бүгүн, 20-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Санкт-Петербург – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 140 кыргыз жараны учуп келди. Алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

    [news 27078]

    Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүүсү боюнча түзүлгөн ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан КР жарандарынын жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн.

    Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.


    Читать похожее