«Чечме» бекетинде күйүүчү майды аткезчилик жол менен алып өткөндөр аныкталды

29.06.2020, 17:30 Акчабар
«Чечме» бекетинде күйүүчү майды аткезчилик жол менен алып өткөндөр аныкталды

«Чечме-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары күйүүчү-майлоочу материалдардын аткезчилик жол менен алынып өтүшүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнда 1971-жылы туулган Өзбекстандын Д.А., аттуу жараны башкарган КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа Кыргызстанга келген. Унааны текшерген чек ара кезмети унаанын документинде көрсөтүлбөгөн кошумча бакта 2,5 тонннадан ашык күйүүчү май бар экендигин аныкташкан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана күйүүчү май КР Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Тэги: Чечме-автожол көзөмөл-өткөрүү жайы чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть