Чехиялыктар 24-апрелден тарта чет өлкөлөргө каттай алышат

24.04.2020, 17:50 Акчабар
Чехиялыктар 24-апрелден тарта чет өлкөлөргө каттай алышат

Чехиянын өкмөтү калкына 24-апрелден тарта чет өлкөгө чыгууга уруксат берди. Бул тууралуу Forbes порталы саламаттык сактоо министрлиги Адам Войтехтин билдирүүсүнө таянуу менен жазды.

24-апрелден тарта Чехия чет элдик жарандардын өлкөгө кирүү талаптарын жеңилдетти. Мисалга, студенттер, жумуш визасы бар жарандар кире алат. Чехиядан чыгып бара жаткан жарандарда коронавируска карата тапшырылган тесттин жыйынтыгы болуусу керек. Же болбосо 14 күндүк карантинден соң гана өлкөдөн чыгып кете алат.

«Чет өлкөгө эмгек өргүү алып чыкса дагы болот. Бирок, кайра Чехияга киргенде коронавируска карата атайын тест тапшыруусу же 14 күндүк карантинде болуусу шарт», — деп айтты Войтех.

Белгиленгендей, Чехия Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп чек арасын ачты. Өлкөдө 7 миңден ашуун таажы вирусуна чалдыккандар катталган. Анын 2 миң бир жүздөн ашууну айыгып, 200дөq адам каза тапкан. Андан сырткары, Германия жана АКШнын бийлиги дагы апрель айында чектөөлөрдү ала тургандыктарын билдиришкен.

Тэги: Чехия чек ара чет жер Евробиримдик Адам Войтех

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть