Депутат: Мамлекеттик ипотекалык компания Нарында жаңы салынган үйлөрдүн баасын кымбаттатып салды

13.12.2019, 11:00 Акчабар
Депутат: Мамлекеттик ипотекалык компания Нарында жаңы салынган үйлөрдүн баасын кымбаттатып салды

Нарын шаарында курулуп жаткан 5 кабаттуу үйлөрдүн баасы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан эки эсеге кымбаттап кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

Анын айтымында, башында батирдин бир квадрат метрине болгон баа 350 доллар болчу.

«Долбоор өзгөрүп, учурда баасы квадрат метрине 700 долларды түзүүдө. Бул баада Бишкектен батир сатып алса болот», —деп билдирди Мусабекова.

«Акчабар» бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылганда, алар төмөндөгүчө түшүндүрмө беришти:

«Башында булүйдөгү батирлер арзан баада сатылаары пландалган. Бирок, көп кабаттуу үйдүн долбоору тоолуу аймакка жана бат-баттан жердин титирөөсүнө ылайыкталган эмес экен. Ошон үчүн, МИК (мамлекеттик ипотекалык компания) бул үйдү Роосия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан сатып алган. Андан кийин салынып жаткан үйгө жер титирөөгө туруштук бере турган жабдыктарды орноткон. Ошол себептен, квадрат метрге болгон баштапкы баанын саны жогорулады», — деп билдирди МИКтин басма сөз кызматы.

МИК кошумча жумуштар жасалганына карабастан, квадрат метрге болгон баанын суммасы 40 миң сомдон ашпайт (КР УБ 12.12.19 курсу боюнча 572 $) деп кошумчалады.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери азыр аягына чыгарылган. Жаңы курулган үй Нарындын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Азыркы учурда ипотекага ала турган жашоочулардын тизмеги жүрүп жатат.

«Долбоордунөзгөчөлүгү, батирдин ичи жабдыктар менен камтылган. Баары даяр, кирип эле жашай берсе болот. Аталган батирлерди, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын шартына ылайык, баштапкы төгүмүсүз , 15 жыл убакытка ижара түрүндө алса болот», — деп билдирдиМИК.

Кошумчалай кетсек, беш кабаттуу үй 60 батирге эсептелинген, анын ичинен – 30, 37.1 кв. метр аянты менен бир бөлмөлүү, 30 – 50.9 кв. метр аянты менен эки бөлмөлүү батирлер.

Тэги: мамлекеттик ипотекалык компания Нарын жаңы үйлөр Депутат Жылдыз Мусабекова

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть