Опубликовано
27.04.2020, 03:45Бишкекке 26-апрель күнү, «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен 178 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
[news 23523]
Маалыматка ылайык, мурдарак Бириккен Араб Эмираттарынын бийгили менен «Дубай-Бишкек» маршруту боюнча чартердик каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
«Аталган маселе КРнын президентинин кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырмасынын алкагында чечилген», - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдар коронавирустун жайылуусунан улам убактылуу токтотулган.
Ошол эле учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын БАЭден 3-майда жана 10-майда мекенине алып келүү үчүн кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишилгендигин эскертет.