Дүйнөлүк банк Ош облусуна 60 млн доллар берери күтүлүүдө

14.05.2020, 13:45 Акчабар
Дүйнөлүк банк Ош облусуна 60 млн доллар берери күтүлүүдө

Дүйнөлүк банк Ош облусуна 60 млн доллар берери күтүлүүдө. Анын 30 млн доллары туризмди өнүктүрүүгө жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

«Кыргызстандын жети дубанында туризмге ылайыкталган кереметтүү, кооз жаратылыш, ошондой эле тарыхый объекттер бар. Ошондуктан биз чет өлкөлөрдү эңсебей ички туризмди өнүктүрүлө деген сунуш менен чыгып жатабыз. Тилекке каршы коронавирустан улам чет өлкөгө эле эмес, ички туризм, айыл-айыл арасындагы каттоону дагы чектөөгө барып жатабыз. Бирок бул илдеттен арылгандан кийин ал маселеге сөзсүз кайрылабыз. Дүйнөлүк банктан Ош облусуна 60 млн доллар каралып жатат. Дүйнөлүк банк кол коюп берген. Азыр биздин өкмөт менен макулдашуулар жүрүүдө. Андан кийин ал Жогорку Кеңештен ратификациядан өтсө, 60 млн доллардын 30 млн доллары туризм тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. Биздин облустагы туристтик объекттердин инфраструктурасын оңдоо, биринчи этапта Өзгөндөгү Кара-Шорого же болбосо Ноокаттагы Кара-Койго жол салуу каралып жатат. Туризм тармагы дегенде эле жол же мейманкананы гана карабаш керек. Инфраструктура деп ошол жердеги жалпы таза суу, канализациялык түтүктөрдүн иштегенин карап, ички жана сырттан келген туристтерге шарттар түзүлүшү керек», - деди ал.

Тэги: дүйнөлүк банк Ош облусу 60 млн доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть