Дүйнөлүк банк КР COVID-19 менен күрөшүүгө 21 млн $ ашык каражат бөлөт

03.04.2020, 10:15 Акчабар
Дүйнөлүк банк КР COVID-19 менен күрөшүүгө 21 млн $ ашык каражат бөлөт

2-апрелде Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын Кыргызстандагы COVID-19 илдетине тез арада чара көрүү долбоорун колдоп, 12.15 млн доллар берүү чечимин чыгарышты.

Андан сырткары, аталган долбоордон 9 млн доллар пандемияга байланыштуу тобокелчиликтерге даярдык көрүү жана натыйжалуу аракеттерди колдоо үчүн кайра бөлүштүрүлөт.

«Долбоордун максаты - COVID-19 илдетине тез арада чара көрүп, оорунун жайылышына тоскоолдук кылып, мындан аркы өмүрлөрдү сактап калуу», — деп билдирди Дүйнөлүк банктын КР кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар.

Каражаттар пандемияга каршы башкы дары-дармектерди жана медициналык жабдыктарды, медицина кызматкерлеринин тобокелчиликтерин азайтууга, бейтаптарды дарылоого жумшалат.

Борбордогу ыкчам жооп кайтаруучу топтор транспорт каражаттары менен камсыз болушат. Медициналык кызматкерлер COVID-19 оорусуна чалдыккан бейтаптарды дарылоо боюнча атайын окуу курстарынан өтүшөт. Узак мөөнөттүү өзгөчө кырдаал учурунда потенциалды арттыруучу иш-чаралар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка өнөктөштөрдөн электрондук түрдө көрсөтүлүп турат.

«Долбоордун алкагында атайын ооруканаларда жаңы же жаңыртылган сегизден керебет бар 10 жандандыруу бөлүмү түзүлөт. Искусстволук түрдө дем алуучу аппараттар, дефибрилляторлор, мобилдик рентген аппараттары жана башка керектүү жабдыктар сатылып алынат. Кошумча дагы 20 жандандыруучу бөлүм, республика боюнча бардык ооруканалар тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт жана 24 ооруканага 100 изолятор коюлат», — деп билдиришти Дүйнөлүк банктан.

Андан сырткары, ушул эле долбоордон 9 млн доллар «Кыргызстандагы кырсыктардын тобокелдигин жакшыртуу» максатында кайрадан бөлүштүрүлмөкчү. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган бул долбоор аркылуу өкмөт өзгөчө кырдаал учурунда колдонула элек каражатты алууга мүмкүнчүлүгү бар.

«Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын «Кыргызстандагы кырсыктардын тобокелдигин жакшыртуу» долбоорунун 9 млн долларды кайра бөлүштүрүү өтүнүчүнө тез арада жооп берди», — деп айтты Амгаабазар.

Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүктөрдүн билдирүүсүндө. каражат жакынкы күндөрү которулат жана 20 тез жардам автоунаасы, ыкчам жооп кайтаруучу топторго транспорт жана жандандыруу бөлүмдөрүндө, атайын ооруканада жана алгачкы медициналык жардам көрсөткөн борборлордо иштеген медицина кызматкерлерине керектүү коргонуучу каражаттар алынат.

Аталган долбоордун аткарылуучу иштери ачык-айкын болуу үчүн бул долбоорлорго Дүйнөлүк банктын сатып алуулар жана менеджмент жол-жоболору колдонулат.

Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк банктын тобу 15 айдын ичинде өнүгүп жаткан өлкөлөргө 160 млрд доллар каражат бөлүшөт. Которулган жардам калктын аялуу катмарына, бизнести колдоого жана экономиканы тез арада калыбына келтирүүгө жумшалат.

Тэги: дүйнөлүк банк COVID-19 21 млн доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть