Ислам өнүктүрүү банкынан Кыргызстанга дагы акча бөлүнүшү мүмкүн. Мыйзам долбоору кароодо

26.06.2020, 14:15 Акчабар
Ислам өнүктүрүү банкынан Кыргызстанга дагы акча бөлүнүшү мүмкүн. Мыйзам долбоору кароодо

Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйында депутаттар «COVID-19га (1441H – 2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө макулдашууга белгилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

КР Өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкына COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча аракеттерге байланыштуу айрым чыгымдарды каржылоо өтүнүчү менен кайрылып, Ислам өнүктүрүү банкына үнөмдөлгөн каражаттарды COVID-19 пандемиясына жооп катары көрүлгөн чараларга байланыштуу чыгымдарды каржылоого пайдаланууну сунуштаган. Үнөмдөлгөн каражат - 15 млн. АКШ доллары. Бул каражат саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого, ошондой эле системанын медициналык жардам көрсөтүү даярдыгын өркүндөтүүгө, медициналык персонал жана пациенттер үчүн тобокелчиликтерди азайтууга багытталат. Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңеш ошондой эле «Шардык өнүктүрүү», «Айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү», «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамактанууну жакшыртуу», «Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу» долборлорун каржылоо жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы, «Айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү жана Кыргыз Республакасы менен эл аралык реконструциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2020-жылдын 19-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган долбоорду кошумча каржылоо боюнча мыйзам долбоорлорун карап, добуш берүүгө жиберди.

Тэги: Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан каржы \ COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть