Опубликовано
14.05.2020, 11:30Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Чынара Айдарбекова, Чолпон Осмонова менен Айсалкын Нарынбекованы кызматынан бошотуу маселесин карады.
[news 23874]
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Канат Керезбеков аталган үч судьяны кызматынан бошотуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынганын маалымдады.
Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын 3 судьясын кызматынан бошотту.