akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    01.05.2020, 07:15

    Жалал-Абад шаарында медициналык кызматкерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн сом берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

    [news 23733]

    Анын айтымында, демөөрчүлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде медиктерге 5 тонна ун берилген.

    «Ошондой эле «Нобел фарм» ишканасы 100 даана көп колдонуучу кийимдерди медкызматкерлерге берди. Биз мындан ары да дарыгерлерди колдоону уланта беребиз», - дейт мэр.

    Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 198и медицина кызматкери. Илдеттен 504 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

    Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.


    Читать похожее