Мамлекет экспортко багытталган айыл чарба ишканаларына колдон келишинче көмөк көрсөтүүнү улантат

27.05.2020, 10:00 Акчабар
Мамлекет экспортко багытталган айыл чарба ишканаларына колдон келишинче көмөк көрсөтүүнү улантат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-майда, Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Москва районундагы чанактуу дан өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген «Дан Агропродукт» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ишкананын чийки заттарды алып келүү жана даяр болгон продукцияларды жүктөп жөнөтүү үчүн темир жолго кирме жолдору да бар. Продукциянын чоң бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрү менен алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө экспортко кетет. Компаниянын даярдоочу базасы Талас облусунда жайгашкан.

«Дан Агропродукт» ЖЧКсы 100дөн ашык адамды жумуш орду менен камсыздайт. 2000ден ашык дыйкан чарбасы, фермерлер техникалык жана консультациялык колдоо алышып, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында чанактуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө катышат. Мындан сырткары, продукциянын сапатына баа берүү боюнча өндүрүштүк лабораториясы бар.

Президент ишкананын кызматкерлери менен баарлашып, алардын ишмердүүлүгүнө оң баасын берди.

Кыргызстан экологиялык таза өнүмдөрү менен айыл чарба тармагында өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сарамжалдуу пайдалануу аркылуу татыктуу атаандаш боло аларын баса белгиледи.

«Кыргызстандын айыл чарба продукциялары жаатында алдыңкы өлкөлөр менен атаандашуусунда баардык мүмкүнчүлүктөрү бар болгондуктан, биз кайра иштетүү өнөржайына чоң көңүл буруп жатабыз», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков жана региондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында экспорттук потенциалды кеңейтүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жер-жерлердеги ишкердикке, жалпысынан айыл чарба тармагына көмөк көрсөтүүнүн жана ушундай ишканаларды колдоо аркылуу өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрүү зарылдыгына мамлекеттик органдардын көңүлүн дагы бир жолу бурду.

Президент жеңилдетилген каржылоонун каражаттары мындан ары дагы региондордогу ушул сыяктуу экспортко багытталган ишканаларды колдоого жумшалаарын баса белгиледи.

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусу Дан Агропродукт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×