Опубликовано
12.03.2020, 07:45Жерүй кенинде жумуш толук кандуу жүрүп жатат. Алтынды казып алуу иштерин «Алтын Альянс» компаниясы жүргүзүп жатат жана жакын арада алгачкы алтын куймаларын чыгарат.
[news 21503]
Компаниянын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында 120 миң 769 тонна баланстык руда казылган. Муну менен катар алтын комбинатына ташылган руданын көлөмү 2 миң 526 тоннаны түзгөн.
Белгилей кетсек, «Алтын Альянс» компаниясы - орусиялык инвестор. Ишкана алтын каза баштаган күндөн тарта, республиканын бюджетине түшкөн кирешенин көлөмү өсөт.