akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.05.2020, 03:15

    Бюджеттин май айындагы ведомстволор аралык квалификациялык чыгашаларын, апрель айына салыштырмалуу 1 млрд 491 млн 880 миң сомго чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу «Акчабар» буга чейин маалымдаган. Бирок, чыгашалардын кыскарылышы Жогорку Кеңешке таасирин тийгизбейт.

    [news 22954]

    Бюджеттин май айындагы планына ылайык, Жогорку Кеңештин чыгашасы - 37 млн 704.8 миң сомду түзөт. Белгилей кетсек, апрель айында дагы чыгашанын көлөмү ушул эле сумманы түзгөн.

    Жогорку Кеңештин Аппаратына

    37 704,8 сом

    Президенттин резервдик фондуна

    7 2180 миң сом

    ЖК Башкаруу ишинин унаа токтотуучу жайына

    2 804,6 сом

    ЖК Төрагасынын Резервдик фондуна

    2 5000 сом

    Кошумчалай кетсек, 2020-жылы Жогорку Кеңешти камсыздоого бекитилген бюджетке ылайык, 694.8 млн сом же дээрлик 9 млн $ (17-майдагы Улуттук банктын курсуна ылайык) коротуу пландалган. Бул 2020-жылдын башындагы бекитилген пландан 79.6 млн сомго кем түзүлгөн.