Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

28.11.2020, 07:10

Жогорку Кеңеш ноутбук сатып алуу үчүн 6 млн 667 миң 825 сом сарптайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, парламенттин иш башкармалыгы тендер жарыялаган. Жалпысынан 143 ноутбук, анын ичинен 135 конференц-зал үчүн 5 млн 909 миң 625 сомго ноутбук сатып алуу пландалууда.

Андан сырткары, парламент 71 миң 400 сомго 12 LED-монитор сатылып алынат.

Сатып алынуучу оргтехникалардын тизмесине 54 персоналдык компьютер жана 44 принтер кирди. Жалпысынан аларды сатып алууга 2 миллион 893 миң 940 сом бөлүнгөн.

Эске сала кетсек, 5-6 октябрдагы башаламандыкта Жогорку Кеңештин имараты талкаланган. Андагы келтирилген чыгымдарды эсептөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.


Читать похожее

  • 30.06.2024, 21:40:12
  • 22.05.2024, 23:45:20
  • 08.04.2024, 03:31:26
  • 06.03.2024, 00:20:39